Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү Корумду, Темировка, Григорьевка, Кожояр айылдарында – 3,5 балл, Булан-Сөгөттү, Семеновка, Бостери, Көк-Дөбө, Ананьево айылдарында – 3 балл, Чолпон-Ата шаарында, Кароол-Дөбө, Жаркынбаев жана Бактуу-Долоноту айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Силкинүү кечээ, кечки саат 4төн өткөндө болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.