«Кумтөргө» жетекчи болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалды.

Маалыматты “Кумтөрдүн” басма сөз катчысы Назира Ахмедова «Азаттыкка» ырастады.

Барыктабасов буга чейин «Кумтөрдүн» ички структураларында иштеп келген.

Башкармалыктын төрагалыгына Болотбек Идрисов дайындалды.

Эске сласак, «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк ишканадагы финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан четтетилген.