Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт.
Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаева билдирди.
Анын айтымында, бүгүнтөн тарта тазалык күнүнө чейин ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.
Алсак, эртең Ысык-Көлдө эл аралык экомарафон уюштурулуп, ыктыярчылар ылдамдыкта таштанды тазалайт.