Бишкек – Жалал-Абад каттамы боюнча кошумча рейстер ачылды.
Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учактар жума жана жекшемби күндөрү уча баштады.
Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадга аба каттамдары күн сайын – жумасына жети жолу аткарылчу.
Бүгүнкү күндө каттамдардын саны тогузга жетти.