Франция мунай жана көмүрдү жарнамалоого тыюу салды

Франция мунай жана көмүрдү жарнамалоого тыюу салды.

Мындай чара бир жыл мурун кабыл алынган климатты коргоо боюнча мыйзамда каралган.

Мындан тышкары, алар зыяндуу газдар көп болгон унааларды жарнамалоону токтотушту.

Бирок жаңы чаралар бир катар өзгөчөлүктөрдү камтыйт.

Алар газ менен камсыз кылуучулардын кызмат көрсөтүүлөрү жана андан алынган энергия үчүн жарнамаларды жайылтууга тиешелүү.

Мындай жеңилдик газга болгон тарифти тоңдуруп салуу буйругуна байланыштуу.