Бишкек – Ош жолундагы туннелдерден өтүү үчүн акы төлөө сунушталууда

Бишкек – Ош жолундагы туннелдерден өтүү үчүн акы төлөө сунушталууда.

Унаа жана жолдор министрлигинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Акы унаалардын көлөмүнө жараша алынат.

Мындан тышкары, тоннелдерден өткөн жергиликтүү номердеги машинелер өзүнчө, чет элдик унаалар башка суммадагы каражат төлөйт.

Ага ылайык, айдоочулардан 50 сомдон болжол менен 6 миң 600 сомго чейин акы алуу пландалып жатат.

Каражат автоматташтырылган система же өткөрүү пунктары аркылуу алынышы мүмкүн.