Чүй облусунда эки цемент заводу курулат.
Министрлер кабинети эки жеке компания менен инвестициялык макулдашууга кол койгонун Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкананын бири Кемин районунда, экинчиси Ысык-Атада жайгашат.
Инвестициянын жалпы көлөмү 150 миллион долларды түзөт.