Бишкекте көмүрдүн баасы 11 пайыздан ашык арзандады.
Жергиликтүү басылмалар жазгандай, отунга азырынча кезек жок.
Көмүр базаларда жеткирүүлөр да аз.
Учурда көмүр саткан жайларда жергиликтүү Кара-Кече, Беш-Сары жана Казакстандын Шабыркүл көмүрү бар.
Эң төмөнкү баа 4 миң сом.
Тандалган көмүрдүн баасы 1 миң сомго кымбат.
Соодагерлердин айтымында, бул баа биринчи суук түшкөнгө чейин сакталат. Ноябрда мындай баа болбойт.