Кыргызстанда мындан ары жылына эки жолу Улуттук тазалык күнү белгиленет

Кыргызстанда мындан ары жылына эки жолу Улуттук тазалык күнү белгиленет.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, тазалык күнү жыл сайын сентябрдын жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт.

Учурда тийиштүү мекемелерге жарлыкта белгиленгендерди ишке ашыруу аракетин көрүү тапшырмасы берилди.

Тазалык күнүнө бардык каалоочулар катыша алат.