Жаңыланган “Ысык-Көл” кинотеатры жакында каалгасын ачат

Каракол шаарында 30 жылдан бери иштебей турган “Ысык-Көл” кинотеатры жакында каалгасын ачат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, имарат жеке ишкер тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Долбоорго ылайык, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду ишкерге 18 миллион сом бөлгөн.

Анын алкагында кинотеатрдын чатыры алмаштырылып, ички жана тышкы жасалгалары оңдолду, электр линиялары жана сантехникалык түтүкчөлөрү толугу менен жаңыртылды.

Ошондой эле, тасма көрсөтүү үчүн тийиштүү жабдыктар сатып алынды.

Кинотеатрдын ишке кириши менен 100гө жакын жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.