Ушул жылдын 1-августунан тарта 58 миңден ашык мамлекеттик кызматкер жогорулатылган маяна ала баштады.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул максатта республикалык бюджетте 7 миллиард сомдон ашык каралган.
Мамлекеттик кызматкердин орточо айлыгы 2021-жылы 22 миң 879 сом болсо, 2022-жылы 47 миң 953 сомго чейин өстү, — деп айтылат маалыматта.