Бүгүн Кыргызстан аза күтүүдө.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь өлкөдө Улуттук аза күтүү жарыяланды.
Бул күнү республиканын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туу түшүрүлөт.
Маданият мекемелери жана телерадиокомпанияларда оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөр токтотулат.
Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына ылайык, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 59 адамга жетти.
144 адам түрдүү жаракат алды.
Баш-аягы 140 миңден ашуун тургун коопсуз жакка жер которгону кабарланды.