Ош: Милиция чек арадагы окуяны колдонгон шылуундардан сак болууга чакырды

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жаралган кырдаалдан пайдаланып, жеке кызыкчылыгы үчүн каражат чогулткан шылуундардан этият болууга чакырды. Анда көчөдө, соода түйүндөрүндө, ишкана-мекемелерди аралап «Баткенге жардам» деген жазуусу бар баштыкча же кутуча көтөрүп жүргөн кишилерге жардам көрсөтпөө керектигин эскертилди. Ош… Кененирээк…

Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 27 млн сом чогулду

Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 27 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Мекемеден ишкендиришкендей, бардык каражат Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жумшалат.

Чек арадагы куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163кө жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163кө жетти. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн эртең мененки саат 9га  карата берген маалыматка ылайык, жараат алгандардын 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Чек арадагы соңку окуяда 59 адам мерт болгону кабарланды. Буга байланыштуу Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө.

Мамлекет Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзөт

Президент “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эки облуста болгон куралдуу кагылыштан жабыр тарткандардын, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, жарадарлардын, турак жай жана кыймылсыз мүлкүнөн айрылгандардын укугун коргоо, жоголгон документтерди, талкаланган административдик-аймактык… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү дээрлик 13,5 млрд куб метрге жетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13,5 млрд куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 303 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 193 куб метрге жетүүдө.

Баткенге жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткенге жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, анын ичинен 116 тонна ӨКМ тарабынан, ал эми 301 тонна жарандардын өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 89 тонна гумжардам турат. Кыргызстандын бардык аймактарынан чогултулган гуманитардык жардам 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен… Кененирээк…

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо. Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында 18нен 19-сентябрга караган түн тынч өттү, бирок абал дагы деле чыңалуу бойдон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок. УКМКнын Чек ара кызматынын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде… Кененирээк…

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 18 млн сомдон ашык түштү

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион сомдон ашык түштү. Каржы министрлигинен ишендиришкендей, бардык каражат максаттуу жана так бөлүштүрүлөт. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жайлар уюштурулуп, анда азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык… Кененирээк…

Сүлүктү—Раззаков—Баткен жолу кайрадан каттамдарга жеткиликтүү

Сүлүктү—Раззаков—Баткен жолу кайрадан каттамдарга жеткиликтүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кадамжай—Баткен жолу да Төрт-Көчө тилкесинде ачылды. Буга чейин Баткен облусундагы жолдордун айрым тилкелери Тажикстан тарабынан келтирилген зыяндан кийин жүрүүгө жараксыз болуп калганы маалымдалган.