Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы деп баалады.
Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду, — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси «тажик аскерлеринин өзүм билемдигин жана кылмышын» күбөлөгөн фото-видео материалдар бардыгын, керек болсо аны көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.
Бул билдирүүдө Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экени да айтылды.