Ош, Жалал-Абад жана Раззаков шаарларына бардык каттамдар штаттык режимде аткарылууда.
Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү, Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча жумасына 9 жолу, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар күнүнө 5-6 жолу аткарылууда.