Бишкекте теннис боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Бишкекте теннис боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Мелдештер 15-октябрдан 18-октябрга чейин уланат. Ага 12 жаштан 30 жашка чейинки спорттук разряддагы эркектер жана аялдар катышат. Теннис федерациясы белгилегендей, мындай даражадагы чемпионаттар Кыргызстанда көптөн бери өтө элек болчу.