“Санарип көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча жумушчу долбоор башталды

Кыргызстанда “Санарип көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча жумушчу долбоор башталды.

Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Статус Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандарына бир катар артыкчылыктарды берет.

Тактап айтканда, макам ээлери бир жыл бою иштөөгө уруксат албай, жашаган жери боюнча катталбай эле койсо болот.

Алар ошондой эле автоматтык түрдө PIN жана башкаларды алышат.

Белгилеп кетсек, “Санарип көчмөн” статусу үчүн акы алынбайт.