Бишкекте теннис боюнча өлкө чемпионаты өтөт.
Мелдештер 15-октябрдан 18-октябрга чейин уланат.
Ага 12 жаштан 30 жашка чейинки спорттук разряддагы эркектер жана аялдар катышат.
Теннис федерациясы белгилегендей, мындай даражадагы чемпионаттар Кыргызстанда көптөн бери өтө элек болчу.