Ордо калаанын Ак-Ордо жаңы конушунда мектептин курулушу уланууда. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурга карата иштер 70 пайызга аткарылды.
Азыркы тапта эшик-терезелерди орнотуу, аймакты көрктөндүрүү боюнча иштеп жүрүп жатат. 750 окуучуга чакталган мектеп каалгаларын ноябрдын башында ачып калат деп пландалууда.