Кыргызстанда баалар менен тарифтердин максималдуу өсүшү Нарында катталды

Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтердин эң көп өсүшү Нарын облусунда катталды.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын тогуз айында республика боюнча бул көрсөткүч дээрлик 11 пайызды түздү.

15 пайызга максималдуу өсүш Нарын облусунда катталды.

Бул алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына, ошондой эле азык-түлүк эмес товарларга баалардын жогорулашы менен шартталды.