Бишкек жана Чүй облусунда 11-12-октябрда айрым көчөлөр унаа кыймылына жабылат

Бишкек жана Чүй облусунда 11-12-октябрда айрым көчөлөр унаа кыймылына жабылат.

 

Бул Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына байланыштуу.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Манас Сыдыгалиевдин айтымында, бул күндөрү “Манас” аэропортунун жолу, Фучик, Байтик Баатыр, Токомбаев, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрү, Манас, Айтматов, Чүй проспектилери маал-маалы менен чектелип турат.