Баткен жана Ошто чек ара жаңжалында жабыркаган административдик имараттарды калыбына келтирүүгө 46 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Сумма атайын ачылган эсептен которулду. Буга чейин андан компенсация төлөөгө 1 миллион 400 миң сом алынган.
Учурга карата эсепте 277 миллион 310 миң сом калды. Эске салсак, 16-сентябрда башталган Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен жана Ош облустарында жүздөгөн үйлөр, административдик имараттар, чарбачылык курулуштар талкаланды.
Жеринде тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.