Ысык-Көлдөгү “Каракол” аэропорту кийинки жылдын жазында ишке берилет.
Учурда аба майданды оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Ага ылайык, эл аралык стандарттарга толук жооп берген жаңы аэровокзал комплекси салынат.
Ал эми учактар конуу тилкеси 400 метрге узарат.
Бул каалаган көлөмдөгү учактардын кыйынчылыксыз учуп-конуусуна мүмкүндүк берет.
Белгилеп кетсек, «Каракол» аэропорту 30 жылдан ашык убакыт иштебей турган.