Кыргызстанда жыл аягына чейин QR-код менен төлөм системасы киргизилет

Кыргызстанда жыл аягына чейин QR-код менен төлөм системасы киргизилет. Улуттук банк тиешелүү токтом долбоорун даярдады. Уюлдук тиркемеси бар банктар жана төлөм системаларынын операторлору төлөм системасын иштеп чыгып, аны киргизиши керек.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул банк жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн зарыл.