ЕАЭБ өлкөлөрүндө багаж жана кол жүктү текшерүүнүн бирдиктүү системасы иштей баштайт

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө багажды жана кол жүктү текшерүүнүн бирдиктүү системасы иштей баштайт.

Бул үчүн бажы органдарына алардын инфраструктурасына стандарттык талаптар коюлат.

ЕЭКтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мындай чаралар бажы талаптарын бузуу менен товарларды мыйзамсыз алып өтүү коркунучун гана азайтпастан, чек ара операцияларын жүргүзүү убактысын да кыскартат.