Ордо калааны коомдук транспорт менен толук кандуу камсыздоо үчүн 1,5 миң автобус керектелет

Ордо калааны коомдук транспорт менен толук кандуу камсыздоо үчүн 1,5 миң автобус керектелет. Бул тууралуу мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасы департаментинин башчысы Сагынбек уулу Нурбек билдирди.

 

Анын айтымында, учурда бүгүнкү күндө линияларга 90 автобус, 130 троллейбус, 140 кичи автобус жана 1 миң 600дөн ашык кичи маршруттук такси чыгат.

 

Транспорт сатып алууга  1 миллиард сом бөлүнгөн, декабрдын башында Бишкекке 120 автобус келет деп күтүлүүдө, — деди чиновник.