Ош шаары кышка даяр

Ош шаары кышка даяр.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын бардыгында оңдоо жана профилактык иштер жүргүзүлдү.

Калктын ыңгайлуулугу үчүн шаарда тоннасы 6-7,5 миң сомдон бааланган 15 көмүр сатуучу жай ачылды.

Мамлекеттик мекемелер үчүн мазуттун жана көмүрдүн запасы даярдалды.

Жарандарды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформаторлор оңдолуп бүттү.

Ошондой эле жылуулук системаларынын түтүктөрүн учурдагы жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.