Кыргызстанда берилген насыялардын негизги көлөмү соода жана унааларды оңдоого туура келет

Кыргызстанда берилген насыялардын негизги көлөмү соода жана унааларды оңдоого туура келет. Январдан сентябрга чейинки маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди. Ведомство айыл, токой жана балык чарбасы үчүн да бир топ каражат берилгенин билдирди. Белгилеп кетсек, тогуз айда жалпы 194 миллиард сомдон ашык кредит берилген.

Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүү пландалууда

Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Экономика министрлигинин ишкердик чөйрө саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 2026-жылга чейин улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча тапшырмалар коюлган. Анын… Кененирээк…

Канат Исаев дагы бир айга камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канат Исаевди ушул жылдын 23-декабрына чейин камакта калтырды. Тиешелүү чечим бүгүн райондук сотто кабыл алынды. Канат Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталууда. Канат Исаев… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар АКШдагы эл аралык мелдеште алты медаль утту

Кыргызстандык балбандар АКШдагы Билл Фарреллди эскерүү боюнча эл аралык мелдештен байгелүү кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти. Турнир 18-19-ноябрда Нью-Йорк шаарында өттү. Грек-рим күрөшү боюнча медалга ээ болгон балбандар: алтын медаль – Атабек Азисбеков, 97кг; күмүш медаль – Тынар Шаршенбеков, 72кг; күмүш медаль –… Кененирээк…

Садыр Жапаров Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Жапаров Токаевдин жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгилеген. Шайлоонун жыйынтыгы анын жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-ноябрда Жогорку Кеңеште Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) тууралуу учкай маалымат берди. Ал Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Кытайдын Долборлоо институту бул документтерди эмдиги жылдын апрель айында толугу менен бүтүрүп берерин маалымдады. Өткөн айда үч өлкө… Кененирээк…

Төө-Ашуу жүк ташуучу унааларга ачылды

Төө-Ашуу жүк ташуучу унааларга ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан такташкандай, учурда “Сосновка” өткөрүү түйүнү аркылуу транспорттун бардык түрү эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат.   Жолчулар Бишкек – Ош трассасында иштеп, жолду кардан тазалап, инерттүү материал себилүүдө. Айдоочуларга жол эрежелерин… Кененирээк…

Улуу Британияда Уильям Шекспирдин портрети аукционго чыгарылды

Улуу Британияда Уильям Шекспирдин портрети аукционго чыгарылды. Картина жазуучу тирүү кезинде тартылган жалгыз сүрөт болушу мүмкүн. Лоттун баасы – 10 миллион фунт стерлинг.   Ал эми анын буга чейинки ээси портретти болгону  400 фунтка сатып алган. Сүрөттүн автору катары Роберт Пик айтылат, ал падыша Яков… Кененирээк…

Сузак районунун аз камсыздалган үй-бүлөлөрүнө акысыз көмүр таратылды

Сузак районунун аз камсыздалган үй-бүлөлөрүнө акысыз көмүр таратылды. Жалал-Абад облустук администрациясынын маалыматына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 тонна кара отун сатылып алынган.   Көмүр 300 үй-бүлөгө кышкы жардам катары берилет.  Мындай чара Сузак районунун бардык айыл аймактарында өткөрүлөт.

Бишкектин коомдук транспортунда жаңы тариф саясаты киргизилиши мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортунда жаңы тариф саясаты киргизилиши мүмкүн. Ага ылайык, карта менен төлөөдө жол кире арзаныраак болсо, накталай төлөм кымбатыраак айланат.   Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди. Анын айтымында, мындай чара шаар тургундарын электрондук төлөм системасына өткөрүү максатында көрүлүүдө.   Алсак,… Кененирээк…