Бишкектин коомдук транспортунда жаңы тариф саясаты киргизилиши мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортунда жаңы тариф саясаты киргизилиши мүмкүн. Ага ылайык, карта менен төлөөдө жол кире арзаныраак болсо, накталай төлөм кымбатыраак айланат.

 

Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди. Анын айтымында, мындай чара шаар тургундарын электрондук төлөм системасына өткөрүү максатында көрүлүүдө.

 

Алсак, жүргүнчү накталай төлөсө, жол кире 15 сомду түзөт, ал эми накталай эмес төлөгөндө – 11 сомго барабар болот. Тарифти шаардык кеңеш жактырса, ал күчүнө кирет.