Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүү пландалууда

Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүү пландалууда.

Бул тууралуу Аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Экономика министрлигинин ишкердик чөйрө саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2026-жылга чейин улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча тапшырмалар коюлган.

Анын негизинде аялдардын ишкердигин колдоо үчүн каражаттарды бюджетке киргизүү маселеси каралууда.