Төө-Ашуу жүк ташуучу унааларга ачылды

Төө-Ашуу жүк ташуучу унааларга ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, учурда “Сосновка” өткөрүү түйүнү аркылуу транспорттун бардык түрү эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат.

 

Жолчулар Бишкек – Ош трассасында иштеп, жолду кардан тазалап, инерттүү материал себилүүдө. Айдоочуларга жол эрежелерин сактап, ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактоо сунушталат.