Унаа жана жолдор министрлиги Төө-Ашуудагы тыгынга жол инспекторлорун күнөөлөдү

Унаа жана жолдор министрлиги Төө-Ашуудагы тыгынга жол инспекторлорун күнөөлөдү.   Ведомстводон билдиришкендей, аймактык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы өз убагында жүк ташуучу унааларга чектөө киргизбегендиктен, фуралар трассанын боюнда токтоп, узак тыгындарды жаратууда. Министрлик сунуш киргизгени менен, инспекторлор жүк ташуучу унааларды өткөрүүсүн уланта берет.   Ведомстводогулардын… Кененирээк…

Окумуштуулар спорттун кайсы түрү өмүрдү узартууга көмөкчү болорун аныктады

Окумуштуулар спорттун кайсы түрү өмүрдү узартууга көмөкчү болорун аныктады. Финляндиядагы UKK институтунун жана Австралиядагы Сидней университетинин адистери 80 адамга сурамжылоо жүргүзгөн.   Байкоонун башында суроого жооп бергендердин орточо курагы 52 жашты түзгөн.   Адистер алардын жашоосуна 5 жыл бою көз салып турушкан. Жыйынтыгында окумуштуулар сууда… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи беттешинде турнир ээси Катар Эквадор курамасына утулуп калды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи беттешинде турнир ээси Катар Эквадор курамасына утулуп калды. А тобундагы оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, дубль менен Эннер Валенсия өзгөчөлөндү.   Дагы бир голду калыстар тобу оффсайт үчүн жокко чыгарды. Бүгүн кечки саат 7де Англия-Иран, түнкү 10до Сенегал-Нидерланды жана түнкү саат… Кененирээк…

Казакстандагы президенттик шайлоодо Токаев алдыда

Казакстандагы «Ачык коом» институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду. Экинчи сапка 5,2% менен «Баарына каршы» деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду. Алгачкы расмий… Кененирээк…

Ысык-Көлдө эл аралык спорт комплекс курулат

Ысык-Көлдө эл аралык спорт комплекс курулат. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, объект Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында пайда болот.   Бул максатта 72 гектар жер бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Курулуш иштери 2023-жылы башталып, 20 миллион долларга айланат.   Спорт комплексте улуттук командалардын мүчөлөрү спорттун 30 түрү… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн эс алышы мүмкүн

Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин токтом долбооруна ылайык, 1-январдан 8-январга чейин дем алыш жарыялоо сунушталды. 1-январь жекшемби күнгө туш келгендиктен, 2-январь да дем алыш күнү болот.   Ал эми 3-январдын ордуна 9-январда иш күнү болот, бул… Кененирээк…

Катарда стадиондордо сыра сатууга тыюу салынды

Катар бийлиги Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан стадиондордо сыра сатууга тыюу салды. Бул тууралуу ФИФАнын сайтында жазылган. Федерация менен Катар бийлигинин сүйлөшүүсүнөн кийин сыраны фан-зоналарда жана башка лицензияланган аянттарда гана сатуу чечимине келишкен. Федерациянын сыра өндүрүүчү бренддер менен миллиондогон долларлык келишимдери бар. Айрым маалыматтар боюнча сыра… Кененирээк…

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты старт алды

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ачылыш аземи Эль-Хаур шаарындагы “Эль-Байт” стадионунда өттү.   Алгачкы болуп Катардын эмири сүйлөдү, салтанатка актер Морган Фримен, BTS группасынын солисти Чон Чонгук жана катардык ырчы Фахад Аль-Кубаиси катышып, Dreamers чыгармасын аткарышты.   Биринчи оюнга Катар менен Эквадордун командалары чыгып,… Кененирээк…