Сузак районунун аз камсыздалган үй-бүлөлөрүнө акысыз көмүр таратылды. Жалал-Абад облустук администрациясынын маалыматына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 тонна кара отун сатылып алынган.
Көмүр 300 үй-бүлөгө кышкы жардам катары берилет. Мындай чара Сузак районунун бардык айыл аймактарында өткөрүлөт.