Улуу Британияда Уильям Шекспирдин портрети аукционго чыгарылды. Картина жазуучу тирүү кезинде тартылган жалгыз сүрөт болушу мүмкүн. Лоттун баасы – 10 миллион фунт стерлинг.
Ал эми анын буга чейинки ээси портретти болгону 400 фунтка сатып алган. Сүрөттүн автору катары Роберт Пик айтылат, ал падыша Яков 1дин сүрөтчүсү болгон. Картина алыскы 1608-жылы тартылган.