Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты старт алды

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ачылыш аземи Эль-Хаур шаарындагы “Эль-Байт” стадионунда өттү.

 

Алгачкы болуп Катардын эмири сүйлөдү, салтанатка актер Морган Фримен, BTS группасынын солисти Чон Чонгук жана катардык ырчы Фахад Аль-Кубаиси катышып, Dreamers чыгармасын аткарышты.

 

Биринчи оюнга Катар менен Эквадордун командалары чыгып, беттеш Эквадордун пайдасына 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Дубль менен Эннер Валенсия өзгөчөлөндү.