Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин токтом долбооруна ылайык, 1-январдан 8-январга чейин дем алыш жарыялоо сунушталды. 1-январь жекшемби күнгө туш келгендиктен, 2-январь да дем алыш күнү болот.
Ал эми 3-январдын ордуна 9-январда иш күнү болот, бул күн Рождествонун урматына эс алуу күнү болуш керек болчу.
Ошондой эле катар эс алуулардын ордуна кыргызстандыктар 25-февраль, 11-март жана 25-мартка туура келген ишембилерде жумушка чыгат.