Окумуштуулар спорттун кайсы түрү өмүрдү узартууга көмөкчү болорун аныктады

Окумуштуулар спорттун кайсы түрү өмүрдү узартууга көмөкчү болорун аныктады. Финляндиядагы UKK институтунун жана Австралиядагы Сидней университетинин адистери 80 адамга сурамжылоо жүргүзгөн.

 

Байкоонун башында суроого жооп бергендердин орточо курагы 52 жашты түзгөн.

 

Адистер алардын жашоосуна 5 жыл бою көз салып турушкан. Жыйынтыгында окумуштуулар сууда сүзүү, аэробика, велосипед тебүү, регби, футбол, чуркоо жана теннис менен алектенгендердин жашоосу узак болорун аныкташты.