Лос-Анджелестеги ресторандардын биринде 3 миң 500 долларлык пицца сатылууда

Лос-Анджелестеги ресторандардын биринде 3 миң 500 долларлык пицца сатылууда. Кымбат тамак өтө жука камыры менен айырмаланат. Ал азыр Голливудда абдан популярдуу. Жергиликтүү тургундарды анын курамындагы калориянын жөнөкөй пиццага караганда алда канча аз экендиги кызыктырат.

Кыргызстанда пенсияга чыгууда минималдык эмгек стажы беш жыл деп өзгөртүлөт

Кыргызстанда пенсияга чыгууда минималдык эмгек стажы беш жыл деп өзгөртүлөт. Тагыраагы, Социалдык фондго төгүлгөн пенсиянын топтомо бөлүгү беш жылга жетпесе, жаңырган жылдан тарта жаран пенсияга чыгуу укугунан ажырайт. Бул боюнча кененирээк Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди. “Бүгүнкү күндө минималдуу эмгек стажы киргизилген эмес. 1-2… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң 390 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң 390 сомду түздү. 10 айдын жыйынтыгын Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эмгек акы дээрлик 28 пайызга өскөн, ал эми реалдуу сумма инфляцияны эске алганда 14,5 пайызга жогорулады. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли былтыркы жылдын ушул… Кененирээк…

Оштогу Бабур атындагы театр реконструкцияланат

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имараты Өзбекстан тарабынан жаңыдан жабдылат. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эки өлкө ортосундагы келишим каралып, жактырылды. Эске салсак, Ош шаардык мэриясы былтыр сентябрда аталган театрды толук реконструкциялоо иши башталганын билдирген. Ага жалпысынан 5 миллион доллар сарпталат деп… Кененирээк…

Транспорт министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Ведомстводон кабарлашкандай, Талантбек Солтобаев министрдин биринчи орун басары, ал эми Ырысбек Бариев министрдин орун басары болуп дайындалган.

Кара-Суу райондук сотунун имараты курула баштады

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун административдик имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана Ош облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Жумагулов,… Кененирээк…

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 25 мал союучу жай жабылды

Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын аймактык бөлүмдөрү реестрде турган май союу пункттарга инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, инвентаризация Ветеринардык кызматтын атайын буйругуна ылайык жүргүзүлгөн. «Инвентаризация башталганга чейин реестрде 93 мал союу пункт болгон, инвентаризациянын жыйынтыгы менен 25 мал союучу… Кененирээк…

Сасык тумоо менен ооругандардын саны бир жумада 1,5 эсеге өстү

Кыргызстан боюнча 5нен 11-декабрга чейинки аралыкта курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун 14 миң 78 учуру (КРВИ — 13 миң 993, сасык тумоо — 85 учур) катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 1,5… Кененирээк…