Оштогу Бабур атындагы театр реконструкцияланат

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имараты Өзбекстан тарабынан жаңыдан жабдылат.

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эки өлкө ортосундагы келишим каралып, жактырылды.

Эске салсак, Ош шаардык мэриясы былтыр сентябрда аталган театрды толук реконструкциялоо иши башталганын билдирген.

Ага жалпысынан 5 миллион доллар сарпталат деп кабарланган.