Кичи Бала-Саруу ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке кирет

Кичи Бала-Саруу ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке кирет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, объект Талас облусундагы Киров суу сактагычында орун алат. Келечектеги гидроэлектростанциянын электр линияларын куруу үчүн зарыл бардык материалдар даярдалды. Андан тышкары, пландалган 31 мамынын 18и тургузулду.

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи жарым финалы болот

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи жарым финалы болот. Чечүүчү беттеште ойноо укугу үчүн Аргентина менен Хорватиянын командалары күч сынашат. Алардын ортосундагы бул жолугушуу тарыхта алтынчы жолу болуп жатат. Дүйнө чемпиондугунда атаандаштардын жолу эки жолу кесилишкен. 1998-жылы аргентиналыктар тайпалык баскычта 1:0 эсеби менен жупуну жеңишке… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда тарыхый максимум катталды

Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда кезектеги тарыхый максимум катталды. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдингдин” төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, азыр электр энергиянын суткалык чыгашасы 70 миллион киловатт-саатты түзүүдө. Былтыр ушул маалда бул көрсөткүч 55 миллион киловатт-саат болчу. Авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн жарандарга жарыкты үнөмдөө сунушталат.

Окуучулардын 20 пайызы сабакка келбесе мектеп карантинге жабылат

Окуучулардын 20 пайызы сасык тумоого байланыштуу сабакка келбесе мектеп карантинге жабылат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо боюнча абалды күнүгө мониторинг жүргүзүүдө. Министрлик азыр эл көп чогулган жерлерге барбай туруу керектигин эскертти. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата карата… Кененирээк…

Маданият жана искусство университетинин ректорлук кызматына сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректорунун кызматына сынак жарыялайт. Мекемеден билдиришкендей, документтерди кабыл алуу 26-декабрь саат 18:00дө аяктайт. ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар: 1) жогорку кесиптик билим; 2) окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын болушу (илимдин кандидаты/доктору,… Кененирээк…

Нью-Йоркто “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аны өлкөнүн БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурду. 23-декабрга чейин улана турган көргөзмөгө Кыргызстандын тоолуу аймактары тартылган сүрөттөр коюлган. Иш-чара Тоолордун эл аралык күнүнө карата өтүп жатат.

Чүй облусунда дагы эки мектеп карантинге жабылды

Чүй облусунда дагы эки мектеп карантинге жабылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим мектептерде балдардын 20 пайызы окууга келбей жаткандыктан кабыл алынды. Буга чейин Аламүдүн районундагы төрт мектеп карантинге алынганы кабарланган. Декабрдын алгачкы күндөрүндө балдардын вирустук жугуштуу оорулары 1,5 эсеге көбөйгөн. Ушул тапта ооруп… Кененирээк…

Ипотекалык насыясы барларга Социалдык фонд 250 млн сом төлөп берди

Ипотекалык насыясы барларга карызын жабуу үчүн Социалдык фонд бүгүнкү күндө 250 миллион сом төлөп берди. Пенсиянын топтолгон бөлүгү жарандарга кандай шартта берилерин Novosti.kgге ведомство жетекчиси Бактияр Алиев түшүндүрүп берди. “Бул наличка алынбайт. Мамлекеттик ипотекалык компания бизге счет берет. «Банктан бул эсепке которуп бересиңер» деп. Анан… Кененирээк…

Бийик тоолуу аймакта жашагандардын пенсияга чыгуу курагы жогорулайт

Бийик тоолуу аймакта жашагандардын пенсияга чыгуу курагы жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. “Бүгүнкү күндө эркектердики 55 жаш, ошону жылына бир жылдан кошуп, 58 жашка чейин жылдырабыз деп жатабыз. Аял кишилердикин болсо 50 жаштан 53 жашка чейин жогорулаталы деп жатабыз”. Андан тышкары,… Кененирээк…

Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрт мектеп карантинге жабылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрт мектеп карантинге жабылды. Булар Төмөнкү Ала-Арча, Ала-Арча, Лебединовкадагы №1 жана №2 мектептер, деп билдирди Ысык-Ата районунун Оорулардын алдын алуу бөлүмү. Дарыгерлердин маалыматына караганда, жогорудагы орто мектептерде окуучулардын сабакка келбей калуусу 20 пайыздык көрсөткүчтөн ашып кеткен. Белгилеп кетсек, акыркы эки жумада… Кененирээк…