Кара-Суу райондук сотунун имараты курула баштады

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун административдик имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана Ош облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Жумагулов, жергиликтүү соттордун судьялары жана төрагалары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, райондун акими, Кара-Суу шаарынын мэри жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин, прокуратура жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылары катышты.

Төрага өз сөзүндө бул облус үчүн гана эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү окуя экенин, буга чейин үстүбүздөгү жылдын июнь айында иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук сотунда болуп, сот имаратынын кейиштүү абалын көргөнүн белгиледи.