Сасык тумоо менен ооругандардын саны бир жумада 1,5 эсеге өстү

Кыргызстан боюнча 5нен 11-декабрга чейинки аралыкта курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун 14 миң 78 учуру (КРВИ — 13 миң 993, сасык тумоо — 85 учур) катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.

Ооругандардын жалпы санынын 68,7 пайызын 14 жашка чейинки (9 миң 669 учур) балдар түзөт.