Кыргызстанда пенсияга чыгууда минималдык эмгек стажы беш жыл деп өзгөртүлөт

Кыргызстанда пенсияга чыгууда минималдык эмгек стажы беш жыл деп өзгөртүлөт.

Тагыраагы, Социалдык фондго төгүлгөн пенсиянын топтомо бөлүгү беш жылга жетпесе, жаңырган жылдан тарта жаран пенсияга чыгуу укугунан ажырайт.

Бул боюнча кененирээк Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди.

“Бүгүнкү күндө минималдуу эмгек стажы киргизилген эмес.

1-2 ай иштесе деле адамга пенсия чектеле берет.

63 жашка чыккан адамдар 2-5-8 жыл деген стаж менен келип жатышат.

Аял кишилердин да стажы аз болуп жатат.

Ошондуктан пенсиялары аз болуп калууда.

Социалдык фондго добровольно төлөгөнгө мүмкүнчүлүк бар.

Бир жерде иштесе, жетекчиси каражат төлөп бербейм десе келип арыз жазса болот.

“Менин айлыгыман соцфондго төлөбөй жатат” депчи”.

Алиев кошумчалагандай, бара-бара пенсияга чыгуунун минималдык чегин 20 жылга жеткирүү пландалууда.