Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң 390 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң 390 сомду түздү.

10 айдын жыйынтыгын Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмгек акы дээрлик 28 пайызга өскөн, ал эми реалдуу сумма инфляцияны эске алганда 14,5 пайызга жогорулады.

Инфляциянын орточо жылдык деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 115 пайызды түздү.