Жоламан Шаршенбеков “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөтүлдү

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балбан быйыл 6 медаль тагынды. Бул жыйынтык менен ал 55 миң упай топтоп, дүйнөлүк күрөш уюмунун тизмесинде биринчи орунду ээледи. “Жылдын мыкты балбаны” наамына Азербайжан,… Кененирээк…

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга коюлган эң популярдуу ысымдар аталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга ата-энелер тандаган эң популярдуу ысымдарды атады. Алсак, балдарды көбүнчө Мухаммед, Умар жана Али деп аташкан. Популярдуу тизмеде Билал, Амир, Алихан жана Нурислам да бар. Кыздарга көбүнчө Салиха, Амина, Фатима жана Раяна деген ысымдарды коюшкан. Акыркы убакта Сафия, Хадича жана… Кененирээк…

Айыл чарба министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Мурат Раматов айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Раматов 1973-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында туулган. Жогорку билимдүү.

Жалал-Абадда волейбол боюнча энелер лигасы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда волейбол боюнча Түштүк энелер лигасынын VI чемпионатынын ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн түштүк аймагынан 23 команда катышууда.

Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагы көтөрүлөт

Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагы көтөрүлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди: “Мамлекеттик кызматта айлык көтөрүлдү. Мамлекет айлыкты дагы, пенсияны дагы бир эле учурда төлөп берип жатпайбы. Анан мамлекет айлыгын алсын же пенсиясын алсын деп жатат. Эгерде жалпы… Кененирээк…

Бийик тоолуу аймактарда пенсияга чыккандардын жеңилдиктери мындан ары өзгөртүлбөйт

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашап, пенсияга чыккандардын жеңилдиктери мындан ары өзгөртүлбөйт. Тагыраагы, жаран кийин жер которсо дагы катаал шарт үчүн чегерилген пенсиясын алат. Бул боюнча кененирээк Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди. “Эгерде тоолуу аймак болуп бир чектелсе адам каякта болбосун ошол пенсиясын… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоонун өсүшү басаңдады

Кыргызстанда сасык тумоонун өсүшү басаңдады. Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди. Маалыматка ылайык, соңку эки күндө Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына 700дөй адам кайрылды. Бул өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоо бир аз басаңдаганын билдирет. Кыргызстанда курч респиратордук вирус жуктургандар жана… Кененирээк…

Грек жаңгагы стрессти азайтат

Грек жаңгагы стрессти азайтат. Түштүк Австралия университетинин окумуштуулары далилдегендей, аталган азыктар  менталдык ден-соолук менен туздөн түз байланышкан ичеги микробиоттун иштешин жакшыртат.   Окумуштуулардын пикиринде, бул жаңгактагы омега-3 кычкылтеги, антиоксиданттар, мелатонин, фолий кычкылы жана Е витаминине байланыштуу.   Алар мээнин иштешине жардам берет.

Министрлер кабинети кирип келе жаткан жылдын эс алуу күндөрүн бекитти

Министрлер кабинети кирип келе жаткан жылдын эс алуу күндөрүн бекитти. Жаңы жылдык узак эс алуулардан тышкары,  кыргызстандыктар 18-марттан 21ине чейин, 5-майдан 9-майга чейин жана 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алат.   Алардын ордуна 29-апрель, 13-май жана 11-ноябрь иш күндөрү болот.

Кыргыз-казак чек арасында транспорттун топтолуусу жок

Кыргыз-казак чек арасында транспорттун топтолуусу жок. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.   Жүргүнчүлөр, айдоочулар жана жүк ташуучулар тарабынан даттануулар катталган эмес. Чек ара аркылуу өтүүдө 1 адамга регламентке ылайык болжол менен  1 – 1,5 мүнөт талап кылынат.… Кененирээк…