Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагы көтөрүлөт

Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагы көтөрүлөт.

Бул тууралуу Novosti.kgге Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди:

“Мамлекеттик кызматта айлык көтөрүлдү.

Мамлекет айлыкты дагы, пенсияны дагы бир эле учурда төлөп берип жатпайбы.

Анан мамлекет айлыгын алсын же пенсиясын алсын деп жатат.

Эгерде жалпы негиз менен чыгам десе анда 58 жаштан пенсияга чыгып кете берсе болот.

Иштейм десе 60 жашка чейин иштеп пенсияга чыкса болот.

Экөөнүн бирин тандашы керек болот”.

Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсе, иштеп жаткан пенсионерлерге мамлекет тарабынан чегерилген пенсиянын базалык бөлүгү да төлөнбөйт.

Кошумчаласак, жаңы эреже мугалимдер менен медицина кызматкерлерине тиешелүү болбойт.