Токтогул суу сактагычында суунун чыгышы анын киришине караганда 5 эсе көп болууда

Токтогул суу сактагычында суунун чыгышы анын киришине караганда 5 эсе көп болууда. Чыгышы – 723 куб болсо, суунун резервуарга кириши – 155 куб. Бул тууралуу “Электр станциялар” компаниясынан билдиришти.   Ал эми суу сактагычтагы нымдуулуктун жалпы көлөмү тууралуу айта турган болсок, учурда ал 11 миллиар… Кененирээк…

Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылдын 1-июнуна чейин даяр болот

Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылдын 1-июнуна чейин даяр болот. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин сайтында маалымдалат.   Долбоордун кеңсеси Бишкекте ачылат. Учурда аны башкаруу тартиби жана формасын аныктоо боюнча талкуу жүрүп жатат. Ошондой эле эл аралык каржылык уюмдар менен… Кененирээк…

Бишкекте “Көчмөн сыры” эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт

Бишкекте 20-21-декабрда “Көчмөн сыры” эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, форумдун алкагында көргөзмө, мастер-класс, илимий-практикалык конференция, съезд жана сыйлык тапшыруу аземи концерттик программанын коштоосунда өтөт.   Форумду өткөрүүнүн негизги… Кененирээк…

Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” ишканасынын директору болду

Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 12-декабрдагы буйругуна ылайык, Кадырбек Нурмамбетов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тариэль Жаныбеков дайындалды. Белгилей кетсек, Кадырбек Нурмамбетов өз каалоосу менен арыз жазган.… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясынын маал маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда электр энергиясынын маал маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга Улуттук энерго холдингдин төрагасы Таалайбек Байгазиев ишендирди.   Ал белгилегендей, электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү эң жогорку чекке жеткен учурларда жарандарга энергияны көп талап кылчу приборлорду өчүрүү сунушталат.   Ошондой эле авариялык өчүрүүлөр орун алышы мүмкүн. Бул… Кененирээк…

Лионель Месси Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын эң мыкты оюнчусу наамына ээ болду

Лионель Месси Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын эң мыкты оюнчусу наамына ээ болду. 35 жаштагы футболчу турнирде 7 гол киргизип, 3 ассист жасаган. Аргентина курамасы үчүн чемпионат жемиштүү болду.   Мыкты дарбазачы наамы Аргентинанын голкипери Эмилиано Мартинеске тапшырылды. Дагы бир аргентиналык футболчу Энцо Фернандес эң мыкты… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатын өткөрүүдөн ФИФА тапкан кирешенин суммасы белгилүү болду

Дүйнө чемпионатын өткөрүүдөн ФИФА тапкан кирешенин суммасы белгилүү болду. Уюмдун президенти Джанни Инфантино билдиргендей, Катарда өткөн турнир федерацияга 10,5 миллиард доллар алып келди.   Муну менен ФИФА Россияда  2018-жылы өткөн чемпионатка салыштырмалуу, 1 миллиард долларга көп тапты. Дүйнө биринчилигинин чечүүчү беттеши кечээ өттү.   Катуу… Кененирээк…

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон старт алды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон старт алды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Маалыматка ылайык, расмий иш-чара тоо лыжа базаларынын биринде аткаминерлердин жана өнөр адамдарынын катышуусу менен өттү.   Кыргызстанда 10дон ашык тоо-лыжа базасы бар.   Алардын басымдуусу Бишкектин четинде жайгашса, эң чоң жана… Кененирээк…

Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе дүйнө чемпионаттарынын финалдык беттештеринде тарыхтагы эң мыкты бомбардир аталды

Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе дүйнө чемпионаттарынын финалдык беттештеринде тарыхтагы эң мыкты бомбардир аталды. Мбаппе кечээки финалдык оюнда Аргентинанын дарбазасына хет-трик жасады.   Финалда киргизилген голдордун саны боюнча ал Джефф Херст, Зинедин Зидан жана Пелени артта калтырды.   Килиан Мбаппе 23 жашта. Учурда ал ПСЖнын… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Катарга иш сапары менен барды. Сапар ал өлкөнүн эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен болгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, президентти Доха шаарындагы «Хамад Интернешнл» эл аралык аэропортунан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин… Кененирээк…