Жаңы төрөлгөн ымыркайларга коюлган эң популярдуу ысымдар аталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга ата-энелер тандаган эң популярдуу ысымдарды атады.

Алсак, балдарды көбүнчө Мухаммед, Умар жана Али деп аташкан.

Популярдуу тизмеде Билал, Амир, Алихан жана Нурислам да бар.

Кыздарга көбүнчө Салиха, Амина, Фатима жана Раяна деген ысымдарды коюшкан.

Акыркы убакта Сафия, Хадича жана Альфия деген ысымдар да популярдуу болууда.