Кыргызстанда 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот

Кыргызстанда 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми Кыргызстандыктар «Түндүк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу документтерди санарип форматта мамлекеттик мекемелерге, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алат.

Алсак, паспорт, туулгандыгы тууралуу, айдоочулук күбөлүктөр жана башка жарандарга тиешелүү документтердин электрондук варианты юридикалык күчкө ээ болот.