Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси 1-июнга чейин бүтүшү керек.
Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Ведомство эскерткендей, бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана андан ары Европа Биримдигине товарларды жеткирүүнү камсыздай алат.
Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгын жана убактысын кыскартуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылат деп күтүлүүдө.